Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы
2017-жылдын 27-декабры № 58
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетиндеги үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеӊешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айлык жыйынтыгы боюнча үнөмдөлгөн 1500,0 миӊ сом акча каражатын жайыт комитетине 3112-статьясына № 1 тиркемеге ылайык жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри В. Бегалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |