Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 8/32
Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-март 2017-жылдагы кезектеги V сессиясында ар кандай долбоорго каралган 100 300 сомду “Наристе-Ак-Кыя” бала бакчанын, футболдук аянтчанын жана мечиттин гос актыларын алууга жалпысы 43000 сом, контордогу принтерлердин картридждерин алмаштырууга 7300 сом жана Ак Кыя айылынын түнкү жарыгынын прожекторлорун орнотууга 50000 сом. Баардыгы 100300 сом. Атайын каражат счетуна түшкөн 100 000 сомду, жоопту катчынын кабинетинин ичине пластик терезе орнотууга 61000 сом, командировкалык чыгымга 15000 сом, транспорттук чыгымга 15000 сом жана ар кандай чыгымга 9000 сом баардыгы 100 000 сомду пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аркандай долбоого каралган 100 300 сомду 2215(ар кандай чыгым) статьясына жана атайын каражаттан 100000 сомдун 61000 сомун 2222(чарба буюмун алууга) статясына, 15000 сомун 2211(иш сапарга чыгуу) статьясына, 15000 сомун 2214(транспорттук чыгым) статьясына жана 9000 сомун 2215(ар кандай чыгым) статьясына пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |