Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 8/34
Сары-Булак айылы ичиндеги асфальт жолго авто унаанын ылдамдыгын азайтуучу тосколдуктарды коюу жөнүндө
Сары-Булак айылын Бишкек-Торугарт жолу аралап өткөндүктөн, Бишкек-Торугарт жолу менен каттаган авто унаалар каттуу ылдамдыкта айдап өтүп жаткандыктан айылдын элине коркунуч жаратып жаткандыктан Бишкек-Торугарт жолунун Сары-Булак айылынын ичиндеги асфальтталган жолго авто унаанын ылдамдыгын азайтуучу тосколдуктарды коюу жөнүндө Сары-Булак айлдык кеңешинин депутаты М.Бейшеналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылынын ичиндеги асфальтталган жолго авто унаанын ылдамдыгын азайтуучу тосколдуктарды коюу жөнүндө уруксат берүү жагы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |