Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2017-жылдын 6-январы № 3
Жаӊы-Жер айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттик каражаттардан калган акчаны бекитүү жөнүндө
Жаӊы-Жер айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Жалиловдун билдирүүсүн угуп 1-январь 2017-жылга бюджеттик каражаттардан калган 114 026, 38 (Бир жүз он төрт миӊ жыйырма алты) сом 38 тыйын акча каражаттарынын сметасы “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономика негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Жаӊы-Жер айылдык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2017-жылга бюджеттик каражаттардан калган 114 026 (Бир жүз он төрт миӊ жыйырма алты) сом 38 тыйын акча каражаттарынын сметасы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жаӊы-Жер айыл Өкмөтүнүн бюджети айылдык Кеӊештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Жаӊы-Жер айылдык Кеӊешинин Бюджет-Экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |