Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 9-январы № 7
Жаңы-Жер айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеӊейтүү максатында жер участокторунун багытын ѳзгѳртүү (трансформациялоо) жѳнүндѳ
Жаңы-Жер айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеӊейтүү жѳнүндѳгү айылдык кеӊешинин депутаты С. Турдибоевдин сунушун жана Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С. Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеӊейтүү боюнча жер участокторунун багытын ѳзгѳртүү (трансформациялоо) жѳнүндѳ тийиштүү иштер жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеӊешинин айыл чарба, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |