Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 6-марты № 16
“Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын Лейлек райондук филиалынын Арка байланыш бѳлүмүнүн имаратын Лейлек райондук филиалынын балансына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү маселени кароо жѳнүндѳ
“Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын Лейлек райондук филиалынын Арка байланыш бѳлүмү турган имарат Арка айылынын айыл башчысынын имараты болгондуктан, аталган Арка байланыш бѳлүмү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж. Жээнбековдун 2016-жылдын 19-декабрындагы чыгарылган протокол поручениесинде кѳрсѳтүлгѳндѳй, байланыш бѳлүм имараттын 55% пайызынан кѳбүн ээлеген болсо аталган имарат Лейлек райондук филиалынын балансына ѳткѳрүлүп берилет жогоруда каралган маселени угуп жана талкуулап Жаӊы-Жер айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн Арка айылындагы Арка байланыш бѳлүмү Арка айылынын башчысынын имаратынын 55% ээлеп турган болсо гана Лейлек райондук филиалынын балансына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |