Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 6-марты № 21
Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарындагы кичи футбол аянтчасынын ижара акысы жѳнүндѳ
Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнүн Арка, Достук, Жаштык айылдарындагы кичи футбол аянттарынын ижара акысын ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳгү маселени угуп жана талкуулап Жаӊы-Жер айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жер айыл аймагындагы кичи футбол аянтчаларынын ижара акысы айына 7000 (жети миӊ) сом, футбол ойноо үчүн саатына 250 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |