Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаӊы-Жер айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 6-марты № 22
Жаӊы-Жер айыл аймагындагы иштебей туруп калган, жоюлууга тийиш болгон ишканаларды жоюу жѳнүндѳ
Жаӊы-Жер айыл аймагында “Шор суу” мамлекеттик ишканасы, “Таза суу” мамлекеттик ишканасы, “Кыргызстандын 60 жылдыгы” мамлекеттик ишканасы, “Достук” мамлекеттик комуналдык ишканасы, “Достук газ сервиси” мамлекеттик ишканалары уюштурулуп юридикалык жак катары каттоодон ѳткѳн. Бүгүнкү күндѳ аталган ишканалардын уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбейт, ошол себептен аталган ишканаларды “Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (ѳкүлчүлүктѳрдү) мамлекеттик каттоо жѳнүндѳ” Мыйзамына ылайык кайра каттоодон ѳтүү зарыл экендигин, эгерде аталган ишкана ѳз ишмердигин жүргүзбѳгѳн болсо, аталган ишканаларды жоюу зарыл. Жогорудагылардын негизинде Жаӊы-Жер айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жер айыл аймагындагы жоюлууга тийиш болгон тѳмѳндѳгү мамлекеттик ишканалар жоюлсун.
1. Шор Суу” мамлекеттик ишканасы;
2. “Таза Суу” мамлекеттик ишканасы;
3. “Кыргызстандын 60 жылдыгы” мамлекеттик ишканасы;
4. “Достук” мамлекеттик комуналдык ишканасы;
5. “Достук газ сервиси” мамлекеттик ишканалары.
2. Тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаӊы-Жер айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |