Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXIII заседаниеси
2019-жылдын 24-декабры № 33/6
Айыл өкмөттүн Орто-Суу айылына көпүрө куруу жөнүндөгү айыл тургундарынын арызын кароо жөнүндѳ
Айыл өкмөттүн Орто-Суу айылына көпүрө куруу жөнүндөгү айыл тургундарынын арызынын негизинде жаңыдан курула турган көпүрөгө КРнын Жер жөнүндөгү Кодексинин 32-статьясынын 1-беренесине таянып Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн Орто-Суу айылына көпүрө куруу жөнүндөгү айыл тургундарынын арызынын негизинде Орто-Суу айылындагы мурдагы эски көпүрөнүн жанынан 0,10 га жер тилкеси жаңыдан көпүрө куруу үчүн КРнын Жер жөнүндөгү Кодексинин 32-статьясынын 1-беренесинин негизинде бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтып чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, ал эми чектелип берилген жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Зикировго тапшырылсын, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына калтырылсын.
Төрага | З. Боронов |