Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXXIV заседаниеси
2019-жылдын 26-декабры № 34/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 4-кварталынын бекитилген сметанын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXIV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык,Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 4-кварталына бекитилген сметасына ЖОБдордун өздүк кирешесин стимулдоо максатында келип түшкөн максаттуу трасфертти кээ бир зарыл болгон беренелерге жылдыруу жагы каралсын:
Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | берене | 4 квартал | ||
701 | Аппарат | Учурдагы чарбалык буюмдар | 2222 | 13,4 | |
|
| БАРДЫГЫ: |
| 13,4 | |
2. Жогорудагы акча каражатын 2019-жылдын 4-кварталына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго жана ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы К.Торошевге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |