Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл Кеӊешинин 27-чакырылышынын кезексиз чакырылган 15 – сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 27
Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү 20.02.2009. № 11 токтомго макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомун аткаруу максатында 2009-жылдын 20-февралыгндагы айыл кеӊешинин 25- чакырылышынын 3-сессиясынын № 11 токтомун карап жана талкуулап көрүп Каракол айыл Кеӊеши :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Каракол айыл Кеӊешинин 20.02.2009. № 11 токтому менен бекитилген «Айрым айыл чарба багытындагы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү» № 11 токтомдо көсөтүлгөн:
«Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айыл чарба багытындагы 59 (элүү тогуз) гектар сугат айдоо жер участкасы анын ичинен:
- Каракоол айылынын № 944 контурунан - 9,90 гектар сугат айдоо аянты
- Чолпон айылынан № 700 контурдан - 50,0 гектар сугат айдоо аянтын калктуу конуштар категориясына которулсун» деген пунктуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Борбуков |