Загрузка документа…
ОТРАДНОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII -чакырылышынын 18-сессиясы
2018-жылдын 6-ноябры № 17
Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/06 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобонун жана айылдык кеңештин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Отрадное айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын 18 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркелет)
3. Токтом маалымат каражаттарына жайгаштырылсын жана Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сагындыковага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Төраганын орун басары | К.У. Максютов |