Загрузка документа…
ОТРАДНОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отрадное айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын XX сессиясы
2019-жылдын 15-февралы № 2
2019-жылга Отрадное айыл аймагынын бюджетин бекитүү жѳнүндө
“2019-жылга Отрадное айыл аймагынын бюджети” жѳнүндө аталган айыл аймагынын финансисти Жансеркеева Бактыгульдүн докладын, “Бюджет, финансы жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Э. Ченгышев кошумча докладын угуп жана талкуулап, ошондой эле “2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жѳнүндѳ” Мыйзамын жетекчиликке алып, Отрадное айылдык кеӊешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга айыл аймагынын бюджетинин киреше бѳлүгү № 1 тиркемеге ылайык 6749 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ, анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 4492,2 миӊ сом жана теӊдештирүүчү грант 2257,3 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын кѳлѳмү № 2 тиркемеге ылайык 6749,5 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин, анын ичинен айыл ѳкмѳтүнүн аппаратына – 3113,8 миӊ сом, китепканасына – 274,7 миӊ сом, маданият бѳлүмүнѳ - 349, 6 миӊ сом, жарандык коргоо – 100,0 миӊ сом, социалдык коргоо – 145,0 миӊ сом, маданият иш чаралардын чыгымдарына – 147,0 миӊ сом, мектептин чыгымдарына – 1287,7 миӊ сом, бала бакчалар – 615,1 миӊ сом, бала бакчалар спец. счет – 336,0 миӊ сом, турак жай жана коммуналдык кызматтар – 100,0 миӊ сом, жайыт – 280,6 миӊ сом жумшалган.
3. Республикалык бюджеттен каржыланып келүүчү теӊдештирүүчү грантты – 2257,3 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин. Ошондой эле теӊдештирүүчү грант айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын тѳлѳѳгѳ, социалдык фондко чегерүүлѳргѳ жумшалсын.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген кѳлѳмдѳрү айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги толугу менен жана 2-айыл башчы, 2-аскердик инспектор кызматкерлери № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018-жылда тѳлѳнбѳй калган карыздары 2019-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде тѳлѳѳ жүргүзүү сунуш кылынсын жана биринчи кезекте эмгек акы тѳлѳѳгѳ, социалдык фондго чегерүүлѳргѳ жана башка корголгон статьяларга жумшалсын.
6. 2019-жылга атайын каражаттын кирешелери – 336,0 миӊ сом, тамак ашына жумшалсын чыгаашасы раздел 70911 бала бакчалар;
“Алтын балалык” 22181100 статьясына – 112,0 миӊ сом,
“Бактылуу балалык” 22181100 статьясына - 224,0 миӊ сом.
7. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү деӊгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
8. Отрадное айыл аймагынын бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгашаларды толук аткарууга багытталган иш чараларды регулярдуу түрдѳ ишке ашыруу айыл аймагынын башчысы С.Б. Сагындыкова милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын жана кѳзѳмѳлдѳѳсү айылдык кеӊешинин “Бюджет, финансы жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Э. Ченгышевге тапшырылсын.
Төрага | К.У. Максютов |