Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 18-ноябры № 1
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө
2013-жылдын 9-июлундагы № 127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө»токтомуна жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомуна ылайык Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүдө аткаруу милдети айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тагаева Жыпар Маматкаримовна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна жана Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн башчысы О.М Жолдошовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
|
|
Төрага | А.А. Жамгырчиев |