Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-9/327 сандуу буйругу жөнүндө
Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын чарбалык жана финансы- экономикалык абалынын оордугуна жана Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын калкынын нааразычылыгына байланыштуу Ачы токой чарбасынын Көк-Алма токойчулугун Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын башкаруусуна өтүшүнө каршы экендигин эске алуу менен бирге жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үнкүр айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачы токой чарбасынын Көк-Алма токойчулугу Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын башкаруусуна кабыл алынбасын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
|
|
Төрага | А.А. Жамгырчиев |