Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 1
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020- жылга бюджетин жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020 -жылга бюджетин жана 2021-2022 ж.жылдардагы болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө Кызыл-Үңқүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровдун маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр өкмөтүнүн 2019 -жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын .
2. Кызыл-Үңкүр өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга көлөмү 6274,5 мин сом суммасында бекитилсин. (жергиликтүү бюджет-2910,2 мин сом , атайын каражат 99,0 мин сом,теңдөөчү трансферт-3265,3 мин сом) . (1-2-тиркеме тиркелет)
3. Кызыл-Үңкүр Өкмөтүнүн 2021-жылдагы болжолдуу бюджети 6159,2 мин сом 2022-жылга болжолдуу бюджети 6161,0 мин сомго бекитилсин. (3-тиркеме тиркелет)
4. КР Өкмөтүнүн 28.06.2013- жылдагы №384 токтомуна ылайык Кызыл-Үңкүр өкмөтүнүн 2020-жылга түзүлгөн штат бирдиги бекитилсин.
5. Кызыл-Үңкүр өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнөн КР каржы министирлиги тарабынан берилген контролдук сандарга карата айыл чарба эмес жер салыгынын 50,0 мин сом жана балдар бакчасында 1 тайпа кыскаргандыгына байланыштуу ата-энелер взносунан түшүүчү атайын каражат эсебинен 28,1 мин сом айыл өкмөтүн мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен кыскартылсын.
6. Айыл өкмөтүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозунун өзгөрүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү , жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министирлиги тарабынан берилген уводомлениялардын негизинде чектөө планын өзгөртүү киргиз. ФЭБ башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
7. 2020-жылга Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер биринчи кезекте корголгон беренелерге жанан коммуналдык чыгымдарга сарпталсын.
8. Айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жанан башка төлөмдөрдү белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткаруунун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүн киреше бөлүмүнүн башчысы Арапбай уулу Азимшахка милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16.05.2016-жылдагы мыйзамдын 24-беренесине ылайык 60,0 мин сом өлчөмүндө айыл Өкмөтүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекс жөнүндөгу» мыйзамдын негизинде пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип , айдын кварталдык пландуу чыгымдарына каржылоо ФЭБ башчысы Н. Өсөровко жүктөлсүн.
11. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16.05.2016-жылдагы мыйзамдын 110-беренесине ылайык Кызыл-Үңкүр Өкмөтүнүн 2019-жылга жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү 30,0 мин сом болуп бекитилсин.
12. Кыргыз-Республикасынын бюджеттик кодексинин 16.05.2016-жылдагы мыйзамдын 115-беренесине ылайык ушул сессиянын чечими менен бекитилген сумманын чегинде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизип туру жагы ФЭБ башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
13. Кызыл-Үңкүр өкмөтүнө КР Өкмөтүнүн №403 токтомунун негизинде 4,0 айыл башчы жана 2,0 аскерге чакыруу жанан паспортстол штаттык бирдиги киргизилсин.
14. Кызыл-Үңкүр өкмөтүнүндө табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2019-жылга кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийгис 200,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.Бөлүнгөн 200,0 мин сом акча каражаттын максаттуу пайдалануу жарандык коргоо комиссиясынын чечими аркылуу чыгымдалсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана ФЭБ башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
|
|
Төрага | А.А. Жамгырчиев |