Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 4
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын балансында турган курулушу бүтпөй калган ангарды жана эски скалады жер аянты менен Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жолдошовдун Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын балансында турган 1987-жылы курулган ангар жана эски скаладдын жер аянты боюнча маалыматты угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын балансында турган 1987-жылы курулган ангарды жана эски скаладды жер аянты менен Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин токой чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
|
|
Төрага | А.А. Жамгырчиев |