Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 6
№ 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө
№ 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү 200 (эки жүз ) сом акчага чектелсин.
2. № 4 «Наристе» балдар бакчасында көп балалуу, турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелер үчүн төлөм төлөөдө жеңилдиктер берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
|
|
Төрага | А.А. Жамгырчиев |