Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 7
Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы маданият үйүнүн башчысы А.Ташматованын маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасын ижарага берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы маданият үйүнүн музыкалык аппаратурасы айыл тургундарынын жеке муктаждыгына пайдаланган учурда 2000 сомдон ижарага берилсин.
2. Ижарага түшкөн акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсепканасына кириштелсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүм башчысы Н.Осоровко жана айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
|
|
Төрага | А.А. Жамгырчиев |