Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 23-январы № 33/3
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 21.01.2020-жылдагы № 1-12/16 кайрылуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 5-главасынын 3 пунктуна таянып Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөө боюнча карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезектеги ХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин жетекчисинин бош кызмат ордуна Абдурасулов Исмаил Орозбаевичти дайындоого Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары бир добуш менен макулдук беришти.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
Төрага | Б. Маткаримов |