Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 4
Ижара акыларды жоюу жөнүндө
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамына, айыл өкмөтүнүн тургундары Б.Джумабаеванын, О.Эркебаеванын арызына ылайык, Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги ХХIХ сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча башкы адиси А.Батыровдун маалыматы эске алынсын.
2. Каза болгон Джумабаев Камалбектин 2018-жылы алган ижара жеринин ижара акысынын 3500 сому, кыздары 2-топтогу майып Камалбек кызы Мунаранын 3000 сому, 2-топтогу майып Джумабаева Заринанын 1800 сому, 2 -топтогу майып Эркебаева Олмахондун 2015-жылы алган ижара жеринин ижара акысынын 12500 сому, жалпы 20800 сом ижара акы жоюлсун.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
|
|
Төрага | Э. Мансиркулов |