Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/200
Шаардык Кеңештин иш-мерчемин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2020-жылга аткарылуучу иштердин иш-мерчеми долбоорун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-мерчеми № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык Кеңештин 2019-жылдын 26-февралындагы кезектеги ХVII сессиясынын Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2019-жылга иш-мерчемин бекитүү жөнүндө № 01-5/144-токтому аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
3. Шаардык Кеңештин 2020-жылга бекитилген иш-мерчеминин пунктарынын аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин жооптуу катчысына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |