Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/201
Кочкор-Ата санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2019-жылга аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2019-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2019-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын директору Э.Маматовго:
-төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттын кирешесин көбөйтүүнүн планын иштеп чыгууну;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сапаттуу кызматтарды алуу,бюджеттик каражаттарды үнөмдөө;
-шаардын көчөлөрүнө бак-дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууну, сейил бактарын, жол жээктерин жолдорун, көчөлордү жашылдандыруу боюнча иштерди 2020-жыл аралыгында жүргүзүүнү;
-көчөлөрдү кыдырып таштандыларды ташып чыгаруу боюнча графигин түзүп, шаар тургундарына жарыя кылууну;
-таштандыларды ташып чыгарууда абоненттер менен иштөөнүн сапатын жогорулатууну;
-Коммерциялык багыттагы соода-сатык иштерин жүргүзгөн жеке секторлорго жана юридикалык жактарга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин көтөрүү чараларын көрүү жана ар бир ишкер менен келишим түзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |