Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/203
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жылдык отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жыл аралыгында аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жыл аралыгында аткарган иштеринин, ижарага берилген жерлердин имараттарынын ижарасынын түшкөн акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан белгиленген 2019-жыл аралыгында келтирилген кемчилдиктерди жоюу жана ага жол бербөө муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөржай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |