Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/204
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2020-жылга штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын 2020–жылга карата түзүлгөн штаттык бирдигин жана бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун, «Бюджет,каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссия төрагасынын окуган корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А.Шерматовдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, карж-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2020-жылга карата түзүлгөн бюджеттик киреше 1 950 000 (бир миллион тогуз жүз элүү миң) сом жана чыгаша бөлүгү 1 187 931 сом өлчөмүндө жана штаттык бирдиги № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы А Шерматовго жана эсепчиси Т.Усенбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» жана «Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |