Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/205
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчётун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2019-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. 2019-жылдын 26-февралындагы № 01-5/137 жана № 01-5/139 токтомдору аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |