Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/206
Кочкор-Ата шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Мамадияровдун Кочкор-Ата шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2020-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык 97 807 000 (токсон жети миллион сегиз жүз жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2020-жылга Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркемеге ылайык 97 807 000 (токсон жети миллион сегиз жүз жети миң) сом өлчөмүндө бекитилип, киреше салыгынан 74 560 000 сом, айыл чарбасында болбогон жер салыгынан 2 307 000 сом, сатуудан алынуучу салыктан 2 668 000 сом, жана башка салыктар 1 827 200 сом жана төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:
шаардык Кеңештин аппаратынын чыгымы 1 262 100 сом,анын ичинен:
аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы 845 200 сом;
- социалдык фондго чегерүүлөр 125 300 сом;
- сапар чыгымына 120 000 сом;
- негизги каражаттарга 50 000 сом жана түрдүү чыгымына 50 000 сом, учурдагы ремонт чыгымына 50 000 сом
шаардык мэриянын аппаратынын чыгымы 9 656 600 сом, анын ичинен:
- аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасы 3 069 100 сом;
- социалдык фондго чегерүү 474 500сом;
- сапар чыгымы 560 000 сом, таза сууга 22 000 сом;
- газ 15 000 сом, эл.энергия 108 000 сом;
- байланыш түйүнү үчүн 150 000 сом;
- негизги каражат чыгымы 100 000 сом;
- чарбалык буюмдар үчүн 200 000 сом;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» Жарлыгын ишке ашырууга 200 000 сом;
- түрдүү чыгым, улуттук масштабдагы иш-чараларга, даталуу күндөрдү белгилөө үчүн 1 400 000 сом;
- жаштардын жылдык иш – чарасына 350 000 сом;
- резервдик фонд 978 000 сом;
- «1С Бухгалтерия» программасын орнотуу үчүн 650 000 сом;
- ит атууга, эпизоотикалык фондго 100 000 сом;
- жылдын аягына карата өткөрүүлүчү мал санагына жана үй канаттууларынын санагына 30 000 сом;
-Эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө керектелүүчү каражат чыгымына 300 000 сом, кызматтык автомашина алууга 950 000 сом
Шаар мэриясынын социалдык бөлүмүнө:
- материалдык жардамга муктаж болгон жарандарга 2 500 000 сом.
№ 14 Губкин атындагы орто мектепке жалпы сумма 5 415 900 сом, анын ичинен:
-Таза сууга 88 200 сом, электр энергиясына 95 000 сом, жылуулук чыгымы 3 874 700 сом ,түрдүү чыгым 100 000 сом, негизги каражат 90 000 сом , санитардык чыгым 18 000 сом, мектеп имаратынын айнектерин алмаштырууга өздүк салым 750 000 сом , 200 000 сом ажаткананы капиталдык ремонттон өткөрүүгө, 30 000 сом кышкы мезгилге карата жылытуу системаларын учурдагы ремонттон өткөрүүгө.
№15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектепке жалпы сумма 6 255 900 сом, анын ичинен:
-Таза сууга 88 200 сом, электр энергиясына 95 000 сом, жылуулук чыгымы 3 874 700 сом, түрдүү чыгым 100 000 сом, санитардык чыгым 18 000 сом.
1300000 сом мектептин алдыңкы тарабын толугу менен асфальт басууга, мектептин айнектерин алмаштырууга өздүк салым 750 000 сом, 30 000 сом кышкы мезгилге карата жылытуу системаларын учурдагы ремонттон өткөрүүгө.
№28 Ч.Айтматов атындагы орто мектепке жалпы сумма 6 271 500 сом, анын ичинен;
-Таза сууга 88 200 сом, электр энергиясына 95 000 сом, жылуулук чыгымы 3 874 700 сом ,түрдүү чыгым 100 000 сом, негизги каражат 90 000 сом, санитардык чыгым 18000 сом, 345 900 сом ашкананын ички сан. узелдерин капиталдык ремонттон өткөрүүгө, 757 900 сом мектептин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүүгө, 861 800 сом мектептен ашканага чейинки аралыгына брусчатка орнотууга , 40 000 сом кышкы мезгилге карата жылытуу системаларын учурдагы ремонттон өткөрүүгө.
Китепканага жалпы сумма 553 200 сом анын ичинен:
- эмгек маянасы 281300 сом, соц.фондго чегерүү 51 400 сом, сапар чыгымы 20 000 сом,эл.энергиясына 7 500 сом, суу чыгымы 10 000 сом,
- компьютер, музыкальный аппарат, музыкалык үн көтөрүүчү аппарат (усилитель) алууга жана 2019-жылдын түзүлгөн ГРМ Бишкек келишиминде көрсөтүлгөн китептердин калдыгын алууга 65 000 сом,
- өрт өчүрүүчү сигнализациясын алууга, чарбалык товарларга 100 000 сом,
- байланыш түйүнү 18 000 сом.
№ 45 «Наристем» балдар бакчасына жалпы сумма 3 231 900 сом , анын ичинен:
- сууга 100 000 сом,эл.энергия 135 000 сом, санитардык чыгым 21 600 сом, газ 35 000 сом, байланыш түйүнү үчүн 18 000 сом, тамак-аш чыгымы 756 000 сом, жылытуу чыгымына (көмүр) 240 000 сом, кеңсе жана чарбалык чыгымдар үчүн 300 000 сом, негизги каражат чыгымына 150 000 сом,курулуш иштерине 1 386 300 сом , контейнер алууга 90 000 сом.
№ 15 «Жомок» балдар бакчасына жалпы сумма 3 025 200 сом, анын ичинен:
- сууга 50 000 сом,эл.энергия 45 000 сом, санитардык чыгым 15 600 сом, газ
30 600 сом,байланыш түйүнү үчүн 18 000 сом, тамак-аш чыгымына 408 200 сом, жылуулук чыгымы 349 600 сом, кенсе жана чарбалык товарлар үчүн 150 000 сом, негизги каражат чыгымына 250 000 сом, идиш- аяктарга жана чачыктарын алууга 150 000 сом, контейнер алууга 90 000 сом.
Учурдагы оңдоо чыгымы өрт байкоочу автомат орнотууга 250 000 сом. Курулуш иштерине 1 218 200 сом
Ландыш балдар бакчасына жалпы сумма 1 761 000 сом , анын ичинен:
- газ 15 000 сом,байланыш түйүнү үчүн 6000 сом, тамак-аш чыгымы 328 000 сом, жылытуу чыгымына (көмүр) 240 000 сом, негизги каражат катуу жана жумшак буюмдар чыгымдарына 1 172 000 сом,
Балдар бакчасынын ата-энелерден түшүүчү взносунан тамак аш чыгымына 2 000 000 сом.
Спорт мектебине жалпы сумма 1 400 000 сом , анын ичинен:
- сапар чыгымы 1 000 000 сом, түрдүү чыгым, спорттук иш чараларды өткөрүүгө 400 000 сом.
Балдар чыгармачылык үйү жалпы сумма 520 800 сом, анын ичинен:
- Сапар чыгымы 50 000 сом, эл.энергия 4 000 сом,жылуулук чыгымы 205 000 сом,түрүү чыгым 34 000 сом, негизги каражат катуу жана жумшак буюмдар үчүн 227 800 сом,
- ЖКК
- Курулуш иштерине 41 972 900 сом,
- түрдүү чыгымдар, проектилер ,МЧС үчүн 2 800 000 сом
- Тазалык ишканасы үчүн 8 650 000 сом,
- электр энергиясы үчүн 700 000 сом.
ЖКК боюнча жалпысы 54 122 900 сом
4. 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын көрсөтүүчү чыгаша чыгымдарын жана коммуналдык чыгымдарын эске алуу менен пландаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» Жарлыгына карата, Жарлыкта көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көтөрүү чаралары колго алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэрине жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
|
|
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |