Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/209
2020-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-мерчемин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын 2020-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө түзүлгөн иш-мерчеми боюнча берген мэрдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын 2020-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-мерчеми №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «2020-жыл -Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү пункттары аткарууга алынсын.
3. Шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-мерчеминде көрсөтүлгөн иштерди аткарууда өндүрүштүк зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын сатып алуу Мыйзамына ылайык иштердин суммасын бөлүмдөн бөлүмгө которуу жана өзгөртүү киргизүү шаардын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |