Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/211
Социалдык жардамга муктаж болгон шаар тургундарынын материалдык жардам сураган арыздарын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Луговая көчөсүнүн № 109 үйүнүн тургуну Шералиева Айсулуу 1-топтогу майып, баса албайт операция жасатууга акча сураган арызы, Ленин көчөсүнүн № 48-3 үйүнүн тургуну Кимсанбаев Закиржанга дарылатуу үчүн сураган арызын, Монтажная көчөсүнүн № 22 үйүнүн тургуну Каримова Гульхумардын карамагында 1-топтогу баспаган кайын эжесин дарылатуу үчүн материалдык жардам сураган арызы, Молодежная көчөсүнүн № 23 үйүнүн тургуну Мамбеткулова Каличадан 2015-жылдан бери “Острый вирусный гепатит С” оорусу менен ооруганына байланыштуу материалдык жардам сураган арызы боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган Луговая көчөсүнүн № 109 үйүнүн тургуну Шералиева Айсулууга 50 000 сом, Ленин көчөсүнүн № 48-3 үйүнүн тургуну Кимсанбаев Закиржанга 35 000 сом, Монтажная көчөсүнүн № 22 үйүнүн тургуну Каримова Гульхумарга 30 000 сом, Молодежная көчөсүнүн № 23 үйүнүн тургуну Мамбеткулова Каличага 30 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин социалдык бөлүмгө бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана керектелүүчү 145 000 сом акча каражатын бөлүп берүү шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |