Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 01-февралы № 01-5/218
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 31-январындагы кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 31-январындагы кайрылуусунун негизинде шаардын Тургенев көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесине көп кабаттуу турак жайдын курулушунун келишимин бекитип берүү жөнүндө шаар мэри А.Т. Жумаевдин сунушун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 31-январындагы кайрылуусу канааттандырылсын.
2. «Ордо Холдинг»ЖЧКсы тарабынан курулуучу беш кабаттуу турак жай комплексинин шаар мэриясы менен түзүлгөн келишими бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэр А.Т. Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |