Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 5
Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга бюджеттин жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 4530,0 (төрт миллион беш жүз отуз миң) сом, теңдөөчү грант 4503,5 (төрт миллион беш жүз үч миң беш жүз) сом, бала бакчадагы балдарга тамак аш үчүн ата энелер төлөмдөрү 300,0 (үч жүз миң) сом кошулуп, жалпысы: 9333,4 (тогуз миллион үч жүз отуз үч миң төрт жүз) сом суммасында бекитилсин.
2. Ата-энелер толомдорунон тушуучу 300,0(үч жүз мин) сом акча каражаты 2020-жылга атайын каражаттар бөлүгүнө планга кошулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 90,0 (токсон миң) сом өлчөмүндө Айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Кыргыз Респуликасынын Финансы министрлигинин Аксы башкармалыгы тарабынан берилген кошумча уведомленияларга негиз бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Т. Тилекбаевге милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрү боюнча аткарууну Айыл өкмөттүн салык инспектору Э. Ызабековго милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна негиз айыл өкмөттүн 9 (тогуз) айыл башчысынын ордуна 8 (сегиз) айыл башчы, жетектөөчү адистин айлык акысынын денгээлинде, 3(үч) кызматкер аскердик учетко алууга, айлык акылары адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.
7. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги 1104920,83 сом калдык акча каражатынан 70823-бѳлүмүнүн 31113290-беренесине 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражаты Жеңижок музейинин оңдоо иштерине бөлүнүп берилсин.
8. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70111-бѳлүмүнүн 22154900-беренесине. 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты “Таза суу” ишканасына бөлүнүп берилсин.
9. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70111-бѳлүмүнүн 22154900-беренесине. 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты 2020-жыл эл туруак жай фондусун каттоо жүргүзүүгө карта алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
10. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70629-бѳлүмүнүн 22221200-беренесине 50,0 миң сом, Таш-Арык каналынын алышынын башын ондоого, 15,0 миң сом Көлмө айылынын сугат суу келүүчү алыштын башын ондоого бөлүнүп берилсин.
11. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70629-бѳлүмүнүн 22221200-беренесине 150,0 миң сом, Кезарт айылына сугат суу алып келүү үчүн труба алууга бөлүнүп берилсин
12. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70921-бѳлүмүнүн 31113290-беренесине 150,0 миң сом Жаныбеков орто мектебинин спорт залынын курулушуна бөлүнүп берилсин.
13. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70111-бѳлүмүнүн 22154900-беренесине 100,0 миң сом акча каражаты ичүүчү таза менен айылдарды камсыз кылууга керектүү документтерди жасоого бөлүнүп берилсин.
14. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70629-бѳлүмүнүн 22211200-беренесине 100,0 миң сом, Жүзүм-Жан-Ак-Таш жолунун ондоо иштерине бөлүнүп берилсин
15. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70111-бѳлүмүнүн 31123230-беренесине 70,0 мин сом компьютер алууга алууга бөлүнүп берилсин.
16. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70111-бѳлүмүнүн 31123290-беренесине 50,0 мин сом айыл өкмөттүн имаратына видео көзөмөл коюуга бөлүнүп берилсин.
17. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражатынан 70111-бѳлүмүнүн 22154900-беренесине 25,9 миң сом айыл өкмөттүн ар түрдүү чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
18. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 234,0 (эки отуз төрт миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
19. Жогорудагы аныкталган жергиликтуу бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдируу берип туруу жагы бөлүм башчы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин
20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |