Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 6
Айыл өкмөтүндө турган техникаларды иштетүү абалы жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техникаларды бузулууга алып келген өздөрүнүн (техниканын )мүмкүнчүлүгү жетпеген ишке салынбасын, эгер салынса айдоочу жоопкерчилигин алсын. Айдоочу укпастан өзүм билемдик кылып зордоп мүмкүнчүлүгү жетпеген ишке салса ошол адам жооп берсин.
2. Элден чогулган акчанын 50% бөлүгү техникалардын запастык бөлүктөрү үчүн банкта сакталсын жана бул акчаны жалгыз гана айдоочунун арызы боюнча алынсын. Өкмөттүн бюджетинен запастык бөлүктөр үчүн акча каралбасын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |