Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 102
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата план тапшырмасы жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата план тапшырмасы жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынан түшүүчү салыктардын план тапшырмасы салык агенттеринен алынуучу киреше салык 2,180 сом, патенттин негизинде алынуучу киреше салык 270,0 сом, милдеттүү патенттик негиздеги салыктан 21,5 сом, жеке тараптардан алынуучу короо жай жана дачалык участокторунан алынуучу жер салык 193,0 сом, айыл чарбасына багытталган жер салыктан 735,0 сом, айыл чарбасына багытталбаган жер салыктан 162,0 сом, сатуудан алынуучу салык 75,0 сом, кыймылдуу мүлк салыктан 520,0 сом, кыймылсыз мүлк салыктан 5,0 сом, жайыт акыдан 430,0 сом, жер ижарасынан 813,0 сом, атайын каражаттан 2,770 сом, Роялтиден 227,0 сом жалпы салыктар 8401,5 сомго бекитилсин.
2. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата түзүлгөн план тапшырмасын аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |