Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 105
Мал чарбасы боюнча башкы адистин жүргүзгөн иштери жөнүндө
Мал чарбасы боюнча башкы адистин жүргүзгөн иштери жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын XXV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнү мал чарбасы боюнча башкы адиси М.Кулукеевдин 2019-жылга карата аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Малдарга жүргүзүлүүчү вакциналар жана идентификациялык номерлерди учурунда жасап туруу жагы мал чарбасы боюнча башкы адис М. Кулукеевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т. Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |