Загрузка документа…
КѲК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры № 32/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин 19.12.2019-ж. № 1-12/707 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын Октябрынын 40-жылдыгындагы бульварынын асфальт төшөө иштерин долбоору 3299133 (үч миллион эки жүз токсон тогуз миң бир жүз отуз үч сом) түзүп анын ичинен: 2020-жылы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин стим.гранттын эсебинен 2868485 (эки миллион сегиз жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз сексен беш сом) жана долбоордун негизинде карала турган жергиликтуу бюджетттен жана жергиликтуу калктын жардамынын өлчөмү 430648 (төрт жүз отуз миң алты жүз кырк сегиз сом) түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын Октябрынын 40-жылдыгындагы бульварынын долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттен 349248 (үч жүз кырк тогуз миң эки жүз кырк сегиз сом) жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 81400 сом (сексен бир миң төрт жүз сом) каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С. Матназаровго) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |