Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 1
Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тарбиндеги маселе боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Минбаев Дөөлөтбек Бодоновичтин 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Салыктык агенти төлөөчү киреше салыгы 2904,0 миӊ сом
2. чакан ишкердик субъектери үчүн бирдиктүү салык 133,2 миӊ сом
3. милдеттүү патенттин негизинде салык 8,0 миӊ сом
4. ыктыярдуу патенттин негизинде салык 141,0 миӊ сом
5. 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 18,0 миӊ сом
6. жек жактардын транспорттук каражаттарына салык 388,0 миӊ сом
7. Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы 100,0 миӊ сом
8. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы 83,2 миӊ сом
9. Калктуу конуштарда айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы 42,6 миӊ сом
10. сатуудан түшкөн салык 12,0 миӊ сом
11. Жайыт ижарасы үчүн акы 600,0 миӊ сом
12. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы 100,0 миӊ сом
13. Теңөөчү трансферттери 4503,5 миӊ сом
14. Мектепке чейинки мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы 300,0 миӊ сом
Жалпы: 9333,5 миӊ сом
15. Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9333,5 (тогуз миллион үч жүз отуз үч миӊ беш жүз сом) миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
16. Жогорудагы бекитилген жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча айылдык кеӊештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы бөлүм башчы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин.
17. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |