Загрузка документа…
ТАШ-КѲМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
кезектеги XIX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 2
Таш-Көмүр шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Н. Боруевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 19 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Н.Боруевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын 10.12.2019-жылдагы 01-14/1926 катына ылайык, КР Финансы министрлигинен республикалык бюджеттин бекитилгендиги боюнча кат жана көзөмөлдөөчү (контролдук) көрсөткүч келе электигине байланыштуу, “Таш-Көмүр шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү жөнүндө” маселе бүгүнкү сессиянын күн тартибинен алынып, кийинки сессияга жыллырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Төрага | С. Кудайбердиев |