Загрузка документа…
ТАШ-КѲМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
кезектеги XIX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 3
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө
Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Кунасовдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 19 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Кунасовдун маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов), «Жылуулук камсыздоо» ишканасына (Н.Атабаев), РЭТ ишканасына (К.Сатиев) милдеттендирилсин.
· Мектептердин отканаларына келген көмүрлөрдү сапатына карап кабыл алуу;
· № 5 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин класс-кабинеттериндеги жылыткычтарды (батарея) алмаштырууга жетишүү;
· № 7 К.Күзөмбаев атындагы орто мектебинин айнек-терезелеринин эскилиги жеткендигине байланыштуу, айнек-терезелерин алмаштырууга жетишүү;
· № 11 М.Темирбаев атындагы орто мектебинин класс-кабинеттериндеги жана коридордогу жылыткычтарды (батарея) алмаштыруу, мектептин түштүк батыш тарабындагы окуу корпусунун жылуулук системасын ондоп түзөө;
· № 13 башталгыч класстар мектебинин (Кудук Сай айылы), «Айданек» балдар бакчасынын (Тендик), Кызыл-Алма кичи районундагы “Жомок» балдар бакчасынын жылуулук берүү системаларын ондоп-түзөө жана автономдук «Тансуу» электрокотелдорун орнотууга жетишүү;
· № 3 «Байчечекей» бала бакчасындагы 40 кВт «Тансуу» электрокотелун 60 кВт «Тансуу» электрокотелуна алмаштырууга жетишүү;
· Шаардагы жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар, Кызыл-Алма шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбегендигине байланыштуу кыш мезгилдеринде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү;
· Кыш мезгилинде шаардын жана шаарчалардын аймагындагы жүргүнчүлөрдүн жана авто транспорттордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жолдорго кум, шлагдарды төгүү.
3. Аткарылган жумуштар боюнча шаардык Кеӊештин кийинки сессиясына маалымат берүү жагы штабдын төрагасы, шаардын I вице-мэри А. Райымжановго милдеттендирилсин
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеӊештин алдындагы «Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Асанов) жүктөлсүн.
Төрага | С. Кудайбердиев |