Загрузка документа…
ТАШ-КѲМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышы
кезектеги XIX сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 4
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2020-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2020-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 19 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2020-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Талкууда белгиленген сын сунуштарды эске алуу менен Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2020-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы бекитилсин.
/программа тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | С. Кудайбердиев |