КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ N 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2006-жылдын 17-январы ПЖ № 13 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик кызмат ордун уюштуруу жөнүндө (КР Президентинин 2006-жылдын 10-майындагы ПЖ №236
Жарлыгынын редакциясына ылайык) КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында зкономикалык чөйрөдөгү интеграци-ялык процесстерге Кыргыз Республикасынын натыйжалуу катышуусун камсызкылуу максатында токтом кылам: 1. Мамлекеттик кызмат орду - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында ин-теграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-зидентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик кызмат орду киргизил-син. 2. КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык ма-селелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктууөкүлүнүн мамлекеттик кызмат орду Кыргыз Республикасынын вице-премь-ер-министринин кызмат ордуна тењештириле тургандыгы белгиленсин. 3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринбекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруу-чунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130
Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоокиргизилсин: жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынынсаясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин "Саясиймамлекеттик кызмат орундары" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын башчысы"деген главасында: 2-топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык масе-лелерн боюнча Кыргыз Республикасыиын Президентинин ыйгарым укуктууөкүлү" 4. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүжана штаттык саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2005-жылдын 12-октябрындагы № 456
Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо кирги-зилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын кызмат адамдарынын жана анын курамынакирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн тизмеси" деген № 1 тиркемеде: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-лиги деген абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы жањы абзац менен толук-талсын: "КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык масе-лелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктууөкүлү"; - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын штаттык саны" деген № 3 тиркемеде: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-лиги деген 2-пункттан кийин төмөнкүдөй мазмундагы жањы 2-1-пункт менентолукталсын.-----------------------------------------------------------------------|2-1|КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык| 1 || |маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин | || |ыйгарым укуктуу өкүлү | |----------------------------------------------------------------------- "Бардыгы" деген абзацта "126" деген цифра "127" деген цифра мененалмаштырылсын. 5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев