СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2019-жылдын 5-марты № 7-2
2019-жылга карата бюджетин жана 2020-2021-жылдарга карата бюджеттик прогнозду бекитүү жөнүндө
Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн 2019-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Ашировдун билдирүүсүн угуп, Сумсар айылдык Кеӊешинин сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт:
Жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкулап, Сумсар айылдык Кеӊешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйындардан топтоонун көлөмү 2019-жылга карата 9105,8 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Сумсар айыл аймагына тапшырылсын.
- Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгү 2019-жылга карата 9105,8 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттинин укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-статьясына ылайык, айыл аймагынын бюджеттинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1%ы же 85,6 миӊ сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн.
- Сумсар айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2019-жылдын 1-январына карата калган 414,9 миӊ сом акча каражаты № 3 тиркеменини негизинде жумшалары белгиленсин.
- Сумсар айыл аймагынын атайын каражат эсебинде 2019-жылдын 1-январына карата калган 74,1 миӊ сом акча каражаты № 4 тиркеменин негизинде жумшалары белгиленсин.
- Сумсар айыл аймагынын 2020-жылга 9110,3 миӊ сом жана 2021-жылга 9590,3 миӊ сом өлчөмүндө бюджеттик долбоору бекитилсин.
- Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө, бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилерине бекитилген лимиттери максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын фнансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Курмантаев |