Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2019-жылдын 5-марты № 7-4
Шекафтар, Мончок-Дөбө жана Жүнүс көчөлөрүнө айыл макамын ыйгаруу жөнүндө
Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар, Мончок-Дөбө жана Жүнүс калктуу конуштарынын жашоочуларынын кайрылуусун, ошондой эле калктуу конуштардын жашоочуларынын айыл макамын ыйгаруу боюнча протоколдун чечимин карап чыгып, Сумсар айылдык Кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагына караштуу Шекафтар, Мончок-Дөбө жана Жүнүс калктуу конуштарга айыл макамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Сумсар айыл аймагынын жер адиси П.Кошбаевага жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, транспорт байланыш, курулуш жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Курмантаев |