Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2019-жылдын 5-марты № 7-5
Жерге муктаж тургундарына курулуш куруу үчүн жерди трансформациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн17-пунктарына ылайык Сумсар айылдык Кеӊешинин VI кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл Өкмөтүнө там арка үчүн берилген жерге муктаж 208 тургундарынын арыздарынын негизинде Сумсар айыл Өкмөтүнүн муниципиалдык жеринен трансформация үчүн18,0га жер аянтчасы ажыратып берилсин.
2. Жерди трансформациялоо үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы Сумсар айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сумсар айылдык Кеӊешинин айыл чарбасы, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Курмантаев |