Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2019-жылдын 5-марты № 7-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Сумсар айылдык Кеӊешинин Регламентин талкуулоонун негизинде Сумсар айылдык Кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Cумсар айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Сумсар айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш” Сумсарского айылного аймака.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Сумсар айылы, Кундуз-Дөбө көчөсү үй № 22.
3. Сумсар айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага | Н. Курмантаев |