Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
2019-жылдын 11-октябры № 10-3
Айыл аймагындагы дүкөндөрдүн иш тартиби жөнүндө
Сумсар айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VI чакырылышындагы кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагындагы дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерди сатуу убактысы төмөндөгүдөй белгиленсин;
Кышкы мезгилде-(15ноябрдан-15мартка) 8-00 дон -21-00 чейин.
Жазгы мезгилде-(15 марттан-15ноябрга) 8-00 дон-23-00 чейин.
Бильярддардын иштөө убактысы түнкү саат 24-00 чейин.
Спирттик ичимдиктерди окуучуларга сатуу жагы тыйуу салынсын.
2. Бул токтом боюнча иш алып баруу жагы Сумсар айылдык ички иштер бөлүмү жана салык инспекциясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеӊешинин Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция , ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Курмантаев |