Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 1
Ижарага жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөттүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан жер аянтын ижарага берүү тууралуу маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн улуттук кайра бөлүштүрүү фондунан 10 (он) га жер аянты 30 (отуз) жылдык мөөнөткө бак-дарак көчөтүн отургузуп, убактылуу пайдалануу келишими менен Көк-Таш айылынын тургуну Каримов Сайдазим Жоробаевичке ижарага берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеӊешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |