Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 7
Орто-Суу айылынын тургуну Пазылова Үрүя Кутмановнанын арызын кароо жөнүндө
Орто-Суу айылынын тургуну Пазылова Үрүя Кутмановнанын арызын кароо жөнүндөгү маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орто-Суу айылынын тургуну Пазылова Үрүя Кутмановнанын арызын канааттандыруу максатында, материалдык колдоо үчүн 30 000 (отуз миң) сом жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |