Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 8
Айылдык аймактын коомдук иштерине активдүү катышкан жарандарды сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл–Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, күн тартибиндеги маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “ 2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгын турмушка ашырууда айылдык аймактын коомдук иштерине активдүү катышкан жарандарды сыйлоого 35 000 (отуз беш миң) сом жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |