Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 9
Айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфиценттерин тармактар боюнча 0,3төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык, айылдык аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэфицентин № 1 тиркемеге ылайык белгилөө жүргүзүлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Эгемовго жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |