Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 10
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим жөнүндө Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жакыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И. Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |